• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кечээ, 21-апрелде, “Манас” эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тозуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов, биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Нурланбек Исмаилов Азия чемпонаты быйылкы жылдын эсебинен ийгиликтүү старт болгонун белгилеп, кийинки мелдештерге ийгилик каалады. Ошондой эле күрөш федерациясы менен биргеликте Париж Олимпиадасына ушул жолду улап кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрель күнү старт алган. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 3 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Тынарбек Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жана Адилхан Нурланбек уулу, Үзүр Жузупбеков, Ким Роман коло медалдын ээси болушту. Спортчулар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Азия чемпионаты 25-апрель күнү жыйынтыктайт. Азыркы учурда кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уланууда жана 23-апрель эркин күрөш боюнча беттештер башталат.

Пикир

Оставить комментарий