• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан тарта перифериялык түзүмдөрдүн жардамы менен 147 млн сом салык төлөндү

Экономика 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айында салык төлөөчүлөр перифериялык түзүмдөрдүн (төлөм терминалы, мобилдик жана электрондук капчык, интернет-банкинг, банкомат) жардамы менен бюджетке 147 млн 39 миң сомго 157 миң 692 салык төлөмдөрүн жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, төлөмдөрдүн саны боюнча артыкчылыкка ээ болуп, калк арасында кеңири колдонулганы бул – төлөм терминалдары, алар аркылуу 117 млн 415,2 миң сомго 111 миң 158 төлөм жүргүзүлгөн.

Ошону менен бирге, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, интернет-банкингдин жардамы менен төлөөнүн саны да өскөндүгү байкалууда, ал аркылуу 11 млн 211,6 миң сомго 15 миң 635 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу – 11 млн 741,9 миң сомго 24 миң 512 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөнүн башка инновациялык ыкмалары дагы активдүү колдонулууда. Мисалы, банкоматтар аркылуу 3,98 млн сомго 2 миң 750 төлөм, веб-кассалардан – 2 млн 638,9 миң сомго 3 миң 598 төлөм, электрондук капчык аркылуу – 44,9 миң сом суммасында 39 төлөм өткөн.

Пикир

Оставить комментарий