• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +27...+32, Нарын облусунда +28...+33 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +31...+33 градус болушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий