• 87.86
  • 93.94
  • 1

2019-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары ЕБдин кара тизмесинен чыгат

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евразия биримдигинин кара тизмесинен чыгат. Бул тууралуу жарандык авиация боюнча коомдук угууда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

“Ар бир кадам боюнча план иштелип чыккан, эмдиги жылы Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарууну пландап жатабыз. Бул жөн эле сөздөр эмес, мен фактыларга таянып жатам”, - деп билдирди министр.

“Ал үчүн жарандык авицаияга өзгөрүүлөрдү киргиздик, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулаттык, кошумча жумушчуларды алуудабыз”, - деди ал.

Калилов билдиргендей, Кыргызстанга Мамлекет аралык авиация комитетинин төрайымы Татьяна Анодина келген. Ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудиторлору келишкен. Алар биринчи жолу эч кандай сын-пикир жок текшерүү жүргүзүшүп, сунуш-көрсөтмөлөрүн беришкен.

“Жасалган иштерди текшерүү үчүн ноябрь же декабрь айларында адистер кайрадан Кыргызстанга келишет”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий