• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 22-декабрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 22-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4...+1, Талас облусунда 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда -4...-9 градус суук болот. Ал эми Бишкек шаарында 0...-2 суук болсо, Ош шаарында+3...+5 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий