• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чолпон-Атада Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ башчыларынын биргелешкен кеңешмеси аяктады

Коом 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин - Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин биргелешкен кеңешмеси өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан мындай форматтагы иш-чара биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыгын билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты - Орто Азия өлкөлөрүндөгү достукту жана бейпилдикти күчөтүү үчүн аймактык кызматташтыкты жөнгө салуу.

Аталган жыйынга Тажикстандын ИИМ башчысы Рахимзода Рамазон Хамро, Казакстандын ИИМ жетекчиси Касымов Калмуханбет Нурмуханбетович, Өзбекстандын ички иштер министри Бобожанов Пулат Раззаковичтер башында турган делегациялар тобу катышты. Андан сырткары, аталган жыйынга КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Сагынбаев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жана жеке өзүнүн атынан Кыргызстан менен тыгыз кызматташып жаткандары үчүн иш-чаранын катышуучуларына терең ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши баңгизаттарды, курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана уюшкан кылмыштуулук, эл аралык терроризм менен күрөшүүгө, чек арага чектеш райондордогу коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат. Бир гана бирдиктүү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында биз кылмыштын бул түрлөрү менен менен күрөшө алабыз. Биздин мамлекеттердин кызматташуусу жаңы деңгээлге өтүп жатат. Ошондой эле учурдан пайдаланып президент Сооронбай Жээнбековдун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кылмыш иликтөөнүн 100 жылдык маарекесине карата ИИМдин ыкчам кызматкерлерин куттуктаймын. Бүгүнкү күнү өткөрүлүп жаткан иш-чара учурдун талабы жана биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгын, достугун бекемдеп турат”, - деп билдирген Сагынбаев.

Андан тышкары кеңешмеге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ички иштер министрлигинин башкы башкармалыктарынын жетекчилери да катышкан.

Алсак, аталган мамлекеттердин чек-араларына чектешкен облустарынын (Кыргызстан) Чүй ОИИББнин, Ысык- Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен ОИИБнин, (Казакстан) Алмата жана Жамбыл ички иштер департаментинин жетекчилери, (Таджикистан) ИИМдин Согдий облусунун башкармалыгынын, (Өзбекстан) Андижан, Наманган, Фергана ички иштер башкармалыктарынын башчылары бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ИИМ башчысы Кашкар Жунусалиев сөз сүйлөп, мындай форматтагы жолугушуулар биздин министрликтердин аймактардагы кызматташтыгынын бекемдөөсүнө умтулуп жаткандыгын далилдейт деп билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында Борбор Азия мамлекеттеринин ИИМ башчылары биргелешип иштешүүсү боюнча Протоколго кол коюшту.

"Андан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин отурумунун алкагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүү, чек арага чектеш аймактардагы коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодогу иштешүү боюнча бирдиктүү планга кол коюлду", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий