• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абдрахматов: Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк мезгили 2026-жылга чейин созулат

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында учурда сейсмикалык активдүүлүк мезгили. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов билдирди.

Анын айтымында, активдүүлүк мезгили 2008-жылы Нура айылында катталган 8 баллдык жер титирөөдөн башталган. Анда зилзаланын кесепетинен 75 адам каза тапкан. Сейсмикалык активдүүлүк мезгили 2026-жылы аяктайт, тактап айтканда, дагы 2-3 жылга созулат.

“Нура айылындагы жердин силкинүүсүнөн соң, дагы бир нече жолу жер титиреген, алардын күчү очогунда 4-5 баллга жеткен. Сейсмикалык активдүү мезгил олуттуу кесепеттерге алып келген жердин силкинүүсү менен коштолбойт деп үмүттөнөм. Ал эми 2026-жылдан кийин тектоникалык тыныгуу мезгилине келебиз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий