• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Адылбек Касымалиев ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

ЕАЭБ 0

БишкеК, 13.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК кеңеши) кезектеги жыйынына видеоконференция байланышы аркылуу катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңештин отурумунда ЕЭК күн тартибинде 28 маселени карап, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алсак, кеңештин чечими менен товарларды Бирликтин бажы аймагына ташып келүүдө пайызсыз кийинкиге калтыруу жана (же) бөлүп төлөө планын берүү мөөнөтү 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 30-июнуна чейин мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык мүчө мамлекеттердин экономикалардын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүлүүчү системалык маанидеги жана (же) шаар түзүүчү ишканалар тарабынан 6 айга убактылуу узартылды.

Отурумдун жыйынтыгында бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен көзөмөлдөөгө жатпаган товарлардын тизмеси (товарлардын категориялары) жана шарттары бекитилди.

Комиссиянын кеңеши ошондой эле Биримдиктин эки же андан көп мүчө-мамлекеттеринин аймактары боюнча байкоочу объекттерди ташууда навигациялык пломбада маалыматтарды жазууга карата Кыргыз Республикасынын демилгелүү сунушу боюнча чечим кабыл алды.

Тармактардагы биргелешкен кооперация долбоорлору үчүн финансылык жардам көрсөтүү механизмин ишке ашыруу максатында катышкан финансылык уюмдардын тизмеси бекитилди. Кыргыз Республикасынан аталган тизмеге 13 коммерциялык банк кирет.

Комиссия кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигине бир жолу колдонулуучу полимердик продукциянын айрым түрлөрүн импорттоого жана өндүрүүгө этап-этабы менен тыюу салууну киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун социалдык-экономикалык талдоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту угушту.

ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 21 «Электр транспорт чөйрөсүндөгү долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү чаралары жөнүндө» сунуштамсын андан ары ишке ашыруу максатында, «Евразиялык электр автобус» мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу боюнча беларус тараптын сунушу жактырылды.

Комиссиянын кеңешине программанын долбоорун иштеп чыгуу жана аны мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кароосуна киргизүү тапшырылды.

Комиссиянын кеңешинин чечимдери менен Бажы бирлигинин «Май продуктуларына карата техникалык регламентине (TRTS 024/2011) жана ЕАЭБдин «Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине» тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-2-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартиби бекитилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болжолдуу түрдө 2024-жылдын 26-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий