• 87.86
  • 93.94
  • 1

"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбооруна 6,8 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбооруна 6,8 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоорун ишке ашырууга 3 млрд сом каралып, жылдын биринчи кварталында толугу менен каржыланды.

Буга кошумча 3,8 млрд сом каралып, үстүбүздөгү жылдын май айында толук каржыланган.

Жалпысынан 2023-жылдын 31-августуна карата 6,8 млрд сом каржыланды. Алар:

- "РСК Банк" ААКга 2,3 млрд сом;

- "Айыл Банк" ААК 4,5 млрд сом.

"2023-жылдын 31-августуна карата жалпы суммасы 3 543,4 млн сомду түзгөн 3273 жеңилдетилген кредиттер берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий