• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айдоочулардын эсине! Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, жолду тазалоодо 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Мындай иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий