• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

«Ак-Ордого» 750 орундуу жаңы мектеп курулут

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы “Ак-Ордо” жаңы конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишине жаңы мектеп курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу борбор шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жалпы билим берүү мекемеси 750 орунга ылайыкталган, бул 23 окуу классы болот. Долбоордук-сметалык документтер толук бүткөн.

Жаңы окуу мектеби үч кабаттуу болуп, үч блоктон: окуу копусу, спорттук жана актовый залдан турат.

Тендер борбор шаардык мэриясынын капитадык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт. Жаңы жалпы билим берүү мекемесин куруунун алгачкы сметалык баасы 195 млн 959 миң 79 сомду түзөт. Каржылоо булагы – шаардык бюджет.

Пикир

Оставить комментарий