• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Актөбө бийлиги экологиянын абалына тынчсызданууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Актөбө облусунун акими Бердыбек Сапарбаев ишканаларга карата экологиялык талаптарды катаалдаштыруу зарылдыгын билдирди. Быйыл Актөбө шаарындагы ондогон орто жана ири ишканалардын ишинин натыйжасында атмосферага 93,7 миң тонна зыяндуу калдыктар чыгарылган.

Акимдин айтымында, экология үчүн жооптуу департамент акыркы бир нече жылда бул ишканаларга карата кескин чараларды көргөн эмес, 20-30 миң тенге айыппул салуу менен гана чектелген.

- Эгер көзөмөлдөөчү органдардын иш-чаралары натыйжалуу болсо, Актөбөгө жагымсыз жыт жайылмак эмес, эл дагы нааразы болбойт эле. Бул өтө актуалдуу тема,- деди Сапарбаев акимчиликтеги жолугушууда. Соңку жылдары экологияны жакшыртуу боюнча бир катар чаралар көрүлгөнү менен жыйынтыктар жок.

Облустук экология департаментинин маалыматы боюнча актөбөлүктөр көмүр кычкыл газы, органикалык эмес чаң, азот кычкылы жана башка зыяндуу калдыктар менен дем алышат.

Актөбө шаарына жайылган жагымсыз жытты бийлик абадагы күкүрт водороду концентрациясынын чектен жогору болушу менен байланыштырышууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий