Акылбек Жапаров: Дүйнөлүк өкмөттүк саммит – интеллектуалдык сапаттын белгиси

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.23./Кабар/. “Мен мамлекеттердин санариптик теңсиздигиндеги коркунучту ачык көрүп турам. Албетте, бул дисбаланс индустриалдык артта калуудан да өтө коркунучтуу”, - Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммиттин (WGS) “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары аракетте” панелдик сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Дүйнөлүк өкмөттүк саммити – бул түптөлүп калган бренд, мындайча айтканда, интеллектуалдык сапаттын белгиси деп белгиледи.

“Кырдаал дайыма өзгөрүүдө. Досубуз – душман, душманыбыз – дос болуп калышы мүмкүн. Жашоо туруксуз болуп, аба ырайы сыяктуу же маанайга жараша өзгөрүүдө. Бизге келе жаткан өзгөрүүлөргө баарыбыз даяр болушубуз керек”. Бул – шейх Заед бин Султан Аль Нахайян мырзанын белгилүү цитаталарынын бири. Бул сөздөр ар бир Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин урааны катары туруктуу учкул сөзгө айланышы керек. Бүгүнкү күндө ал өзгөчө актуалдуу, айрыкча конфликттик аймактар, анын ичинде потенциалдуу зоналар көбөйгөн маалда өтө актуалдуу. Барган сайын, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери ар кайсы жерлерде жана көбүнчө күтүлбөгөн формаларда көрүнүүдө, туруктуу деп эсептелип жаткан институттар жана байланыштар бузулуп, эски ой жүгүртүү формалары жаңы чакырыктарга туруштук бере албай келет”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, көпчүлүк аналитиктер глобалдык рецессиянын жогорку ыктымалдыгын белгилеп, 2023-жылга анча жакшы эмес божомолдорду берип жатканын белгиледи.

Анын пикиринде, бул контексттен алганда келечектеги мүмкүн болгон сценарийлерди жана келечектеги өкмөттөрдү түзүү механизмдерин талкуулоо өзгөчө мааниге ээ болот. Себеби, ар кандай кризис, азыркыдай оор болсо дагы, сыноо гана эмес, ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аны максималдуу пайдалануу баарыбыз үчүн маанилүү.

“Өнүгүүнүн постиндустриалдык фазасына өтүү үчүн баарыбыз ар түрдүү негизги көрсөткүчтөр менен келдик.

Бирок келечекте эң аз жоготуулар менен ага ийгиликтүү өтүүнүн зарыл шарты болуп паритет деген нерсе эсептелет, ал – өлкөлөрдүн ортосундагы, жок дегенде региондун деңгээлиндеги дисбаланстын максималдуу кыскарышы. Ошол эле учурда, санариптик технологиялар күн сайын бизге “сюрприздерди” алып келип жатканын белгилегим келет. Мен мамлекеттердин санариптик теңсиздигиндеги коркунучту ачык көрүп турам. Албетте, бул дисбаланс индустриалдык артта калуудан да өтө коркунучтуу экенин айтып, айрым өлкөлөр өз калкынын Интернетке кирүүсүн камсыз кыла албай жатса, ошол эле учурда башкалар Жасалма интеллекттин пайдасын автоунаалар үчүн автопилотторго, акылдуу үн жардамчылары катары активдүү колдонуп жатышканын көрүп жатабыз. Мен муну менен баарыбыздын алдыбызга резонанстуу бир суроо койгум келет: Чын эле жаңы технологиялар бул ажырымды көбөйтөбү?”, - деди ал.

Биздин аймак жөнүндө айта турган болсом, төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот.

Узакка созулган тынымдан кийин 2018-жылдан тартып Борбордук Азия интеграциялык жана кооперациялык долбоору жаңы контурларга ээ болуп, жаңы маани-мазмун менен толо баштады.

Анын айтымында, Борбордук Азиянын такыр башка деңгээлинде аймактык өз ара аракеттенүүсүз жаңы “нормалдуулукта” дүйнөлүк масштабдагы субъект болуу өтө кыйын болорун биз түшүнөбүз.

Мындан тышкары биздин регион бир бүтүн аймак катары глобалдуу тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шарттарында улам экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгууда.

Баса белгилеп кетчү өтө маанилүү сөз – бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларында регион ичинде интеграцияны жана кооперацияны күчөтүүгө саясий эрктер бар жана ал – бул багыттагы бардык аракеттердин ийгилигинин чечүүчү шарттарынын бири.

Албетте, бизде дагы көп нерсени түшүнүп, кайрадан карап чыгып, макулдашып, компромисске келүүбүз керек, бирок Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн лидерлеринин тилектештигине карасак, биздин негизги билдирүүбүз: өлкөнүн эгоизмин экинчи планга коюп, бири-бирибизге көбүрөөк таянып-карманышыбыз керек, анткени акыркы он жылдыкта биз билген глобалдуу дүйнө – локалдуулукка ажырайт деген болжолдорго бардык негиздер бар. Бул ансыз да буга чейин эле ачык көрүнө баштаган – ири геосаясий оюнчулардын ортосундагы өзүнө таандык макроаймактарды түзүү үчүн ачык күрөштүн башталгандай эле. Борбор Азия үчүн да ушундай долбоорлордун биринин татыктуу бөлүгү болуп, ага бирдей негизде кирүү үчүн бир бүтүн чөлкөм катары келечекке болгон жеке көз карашыбызды жаңыртуубуз зарыл.

Биз азыр мунун үстүндө аракеттенип жатабыз”, - деп кошумчалалыАкылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий