• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров Кыргызстандын чек арасы канча чакырымга чейин кеңейгендигин айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. 2022-жыл өлкөнүн тарыхында Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара сызыгы толугу менен аныкталган жыл катары калат. Чек араларыбыз 200 миң 105 чарчы километрге чейин кеңейди. Баарыбыз коңшулар менен чыныгы, жылуу жана достук мамиледе боло турган күндү күттүк. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Жалпыбыз үчүн чоң сыноо болгон Баткен окуяларын татыктуу өттүк. Биздин күчүбүз, биздин ынтымагыбызда! Элден 386 млн сом чогулса, мамлекет калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү каражаттарды табууга жетишти. Азыр сапаттуу үйлөр салынууда. Кечээ дагы 30 үйдү пайдаланууга бердик, жалпысынан 45 үй толук бүттү. Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, 80-90% жумуштар аткарылган. Башкысы тынчтык болсун», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий