• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Абылгазиев: Биз өз каражатыбызга жараша жашаганды үйрөнүшүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Биз өз каражатыбызга жараша жашаганды жана ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үйрөнүшүбүз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.

Күн тартибин кароо алдында Премьер-министр Өкмөттүн ишиндеги актуалдуу маселелерге токтолду.

Ал өлкөдө орун алган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити жалпы дүйнөлүк коомчулуктун баалоосу боюнча жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн атынан аталган эл аралык иш чараларды өткөрүүгө жана уюштурууга активдүү салым кошкон жактарга ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча, ички дүң продуктунун көлөмү 310,3 млрд сомду түздү.

«Кумтөрдү кошпогондо 2,1%га өсүш камсыз болду. Жалпысынан курулуш тармагында – 6,7%га, айыл чарбасында – 1,8%га, соода тармагында – 5,5%га өсүш камсыз болду. Бирок булар менен бирге өнөр жайындагы өндүрүүнүн көлөмү улам төмөндөшү байкалууда. Ошондуктан бул тармакты жылдын аягына чейин көтөрүп, оңдуу көрсөткүчтөргө жетишүү милдети алдыбызда турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Премьер-министр маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы 150 социалдык-маданий маанидеги объекттин курулуштары жана капиталдык ремонту бүткөрүлөт.

«Алардын ичинен 51 объект жыйынтыкталды. Жылдын аягына чейин дагы 66 объекттин курулушу жана 23 объекттин ремонту бүтүп, колдонууга берилиши күтүлүп жатат. “Коопсуз шаар” долбоору боюнча конкурс жарандык коомдун жана ЖМК катышуусу менен ачык-айкын өткөрүлдү. Көп жылдан бери ишке ашпай келе жаткан жана коомдо бир катар суроолорду жараткан долбоор бир ордунан жылып, жыйынтыгы чыгууга багыт алды. Ушул жылдан тартып Бишкектин көчөлөрүнүн 38 кесилишинде жана Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдыбар, Бишкек-“Манас” аэропорту, Бишкек-Нарын автожолдоруна видео-фото фиксациялоо боюнча жабдыктарды орнотуу иштери башталат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылга карата бюджеттин долбоорунда «Аймактарды өнүктүрүү» аттуу берене пайда болду, ага 1 млрд сом бөлүнгөн.

«Албетте, бул каражат жетишсиз. Ошондуктан биз бул сумманы 2 млрд сомго дейре жогорулатууну сунуштайбыз, анткени, аймактардагы тургундардын жашоосун жакшыртуу, жаңы жумушчу орундарды түзүү маселеси – биздин эң негизги милдеттерибиздин бири», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелерин жогорулатуу максаттарында киреше салыгын бөлүү үлүшүн алар үчүн 70%га чейин көбөйтүүнү сунуштады.

«Биз алигиче бюджеттин каражаттарын натыйжалуу колдоно албай жатабыз. Ошондуктан бардык мамлекеттик органдар каражаттарды үнөмдөө жана эффективдүү пайдалануу предмети боюнча өз ишине терең анализ жасап чыгууга тийиш», - деди Премьер-министр жана мамлекеттик органдардын программалык-максаттуу бюджеттештирүүгө өтүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Финансы министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте рационалдуу эмес мамлекеттик чыгашаларды кыскартуунун үстүндө активдүү иш алып баруусу керек.

Өкмөт башчы ырастагандай, бюджеттин 20%на жакын бир кыйла каражат жыл сайын өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө багытталат, ал эми насыялар жана гранттар эмгек акыларды төлөөгө жумшалат.

«Биз өз каражаттарыбыз менен жашоого, ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үйрөнүүгө тийишпиз. Бул биздин башкы милдет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, келээрки жылы чыгашаларды ички булактардын эсебинен жабуу керек.

«Биз чакан жана орто ишкерликти жеткиликтүү финансылык каражаттар менен колдоого, зарыл мыйзамдарды иштеп чыгууну улантууга, жерлерди бөлүү маселелерин чечүүгө тийишпиз. Биз элге эмгектенүүгө жана иштеп табууга жолтоо болбошубуз керек. Биздин милдет – ишкерлик демилгеге тоскоолдук кылбай, ким иштегенди кааласа жана иштей алса, аларга жардам көрсөтүү жана шарттарды түзүү болуп саналат», - деди ал.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жактырды.

Пикир

Оставить комментарий