• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Акылбек Жапаров: Министрлер кабинети өзүнүн биринчи отурумун Баткенде өткөрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Министрлер кабинетинин жаңы курамы өзүнүн биринчи жана экинчи отурумун Баткенде өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, отурумду өткөрүүгө даярдык иштери жүрүп, кышка чейин өткөрүлөт.

“Ошондой эле Баткендин өнүктүрүү фонду түзүлүп, жыл сайын 500 млн сом каражат бөлүнүп турат. Мындан сырткары, 5-10 жылдын ичинде болгон финансылык мүмкүнчүлүктөр Баткен менен Нарын облустарына жумшалат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий