• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнүн абалы менен таанышты.

Узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Т. Байзаков атындагы проспектисин оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаган. Жолду реконструкциялоого 146 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Ал эми Б.Осмонов атындагы көчөсүндөгү курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында башталган. Бул үчүн 139 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Мурзакул Болуш атындагы көчөнү оңдоо иштерине 35 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Министрлер кабинетинин төрагасы жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, көчөлөрдү энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу, ошондой эле активдүү жашоо образды жана спортту өнүктүрүү үчүн веложолдорду түзүүнү эске алуу менен курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров “Жалал-Абад” санаторийинин абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий