• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акыркы суткада өлкө боюнча 10,6 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 614 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 49 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 565 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 875 миң 89 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 661 миң 422 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий