• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде үч бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде үч бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 24-июндан бери 1966-жылкы аял киши республикалык клиникалык ооруканасында коронавирустан дарыланып жаткан.

“Ооруканага түшкөндө эле оор абалда болгон. Анда эки тараптуу пневмания, дем алуу жетишсиздиги, кан басымы жогору жана жүрөк оорусу байкалган. Дагы бир бейтап 1953-жылкы эркек киши 26-июнда Ош шаардык клиникалык ооруканасына оор абалда түшкөн. Анда да эки тараптуу пневмания, дем алуу жетишсиздиги 3-4-даражага жетип калган экен. Ал буга чейин сасык тумоо деп медициналык мекемеге кайрылганда коронавирус экени тастыкталган. Үчүнчү бейтап 1959-жылкы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунан келген экен. Ал Ош гуманитардык университетинин клиникасына эки тараптуу пневмания, жүрөк оорусу менен орточо оор абалда түшкөн. Дарыгерлердин күч-аракетине карабастан үй бейтап тең каза болуп калды”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жуктурган 269 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5017ни түзөт. Алардын ичинен 2294 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 50 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий