• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 19,6 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 19 миң 606 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери айткандай, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

"Учурда 1957 адам үй карантининде дарыланып жатат. Стационарда 716 бейтап жатат, анын ичинен 26сы реанимацияда", - деп маалымдады Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жуктурган 269 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5017ни түзөт. Алардын ичинен 2294 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 50 адам (+3 жаңы учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий