• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагында жаңы жер көчкү активдешти

Аймак 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы Курулуш айылында 2017-жылдын 1-май күнү саат 10:00 чамасында жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр сүрүлгөн. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, узуну 300, туурасы 100, бийиктиги 5 метр, көлөмү болжол менен 150000м³ жер көчкү 2 турак үйгө 200 метр алыстыкта жүрүп, кооптулук жараткан. Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары айыл аймак тарабынан туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жер көчкүсү канчалык деңгээлде коопту экенин аныктоо үчүн, КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КжАКБнүн улук офицери, мониторинг департаментинин өкүлү тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, көчкүнүн түшүүсү 14 турак үйгө кооптуу экени аныкталган.

14 турак үйгө КР ӨКМдин бирдиктүү кампасындагы көрөнгүдөгү 5 орунду 14 даана чатыр, 14 даана тазалык каражаттары жана 14 даана ашкана буюмдары менен, 2017-жылдын 2-май күнү жеткирип берүү жагы каралууда.

Айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынып, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий