• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Аламүдүн районунун мектеп окуучулары үчүн Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Аламүдүн районунун мектеп окуучулары үчүн Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экскурсия Аламүдүн РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору тарабынан уюштурулуп, Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 7-11-класстарынын окуучулары катышты.

Анда окуучулар КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айгүл Айдарова менен жолугушту. Депутаттардын жардамчылары имараттын ичин кыдыртып, окуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, экскурсия окуучуларды Кыргыз Республикасынын башкы мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий