• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алишер Тоотаев Ош облустук филармониясына директор болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Тоотаев Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, 20-февралдан тарта ишке киришти.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, анын ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгиледи.

Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.

Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинин экономика багытында билим алган.

Алишер Тоотаев Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.

Пикир

Оставить комментарий