• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Алмамбет Шыкмаматов "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Алмамбет Шыкмаматов "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов Нурадил Шыкмаматовду мекеменин жамаатына тааныштырды.

Эске сала кетсек, "Бишкек" ЭЭАнын буга чейинки директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы Фрунзеде туулган. 2015-жылы "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты болгон. 2017-жылы "Ата Мекен" фракциясын жетектеген. 2019-жылы 27-декабрда партия лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон өз ара пикир келишпестиктен улам депутаттык мандатын тапшырган.

2011-2014-жылдар аралыгында юстиция министри болгон. 2020-жылдагы пармаленттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмесинин сап башында турган.

2021-жылы инвестициялар министри болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий