• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Анкарада Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында КРнын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Өнөр-жай палатасынын Өнөр-жай (Cинжан) чөлкөмүнүн 1-уюштурулган компаниясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө түрк ишкерлерине КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климаты, анын ичинде бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), ошондой эле өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жана КРнын тышкы соода жүгүртүүсү, КРнын ЕАЭБдеги мүчөлүгү жана Европа Бирлигинен ПСЖ+ (преференциялардын жалпы схемасы) макамын алгандыгы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле элчи К. Өмүралиев КРнын экономикасынын приоритеттүү секторлору: айыл-чарба, жеңил жана тоо кен өнөр-жай, гидроэнергетика, маалымат технологиялары жана туризм тармактарына көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Синжан өнөр-жай чөлкөм компанияларынын өкүлдөрү К.Өмүралиевге өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышты. Тактап айтканда, суроолор жерди жеке менчикке алуу укугуна, пайдалуу кендерди иштетүүгө ж.б. байланыштуу болду.

Элчи Кыргызстанда жерди жеке менчикке алуу укугу бар экендигин баса белгиледи. Ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү үчүн тендер аркылуу лицензия берилерин айтып өттү.

Иш-чаранын алкагында жана кабыл улуучу тараптын демилгеси менен Өмүралиев аталган өнөр-жай чөлкөмүнүн айыл-чарба жана курулуш техника чыгарган - «Эркунт» жана «Хидромек» ишканалары менен таанышты.

Маалымат үчүн: Анкара шаарынын өнөр-жай палатасынын 1-Уюштурулган өнөр-жай чөлкөмү (мындан ары Синджан өнөр-жай чөлкөмү) 1978-жылы негизделип, ТРдагы эң чоң 5 уюштурулган өнөр-жай чөлкөмдөрүнүн катарына кирет. Өнөр-жай чөлкөмүндө өндүрүш 1990-жылы башталган. Синджан өнөр-жай чөлкөмүндө негизинен эмерек, коргонуу, химиялык, оор жана жеңил өнөр-жай, алюминийди иштетип жана айыл-чарба техникасын жана жабдыктарды чыгаруу, метал иштетүү, машина куруу ж.б. тармактардагы продукциялар чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий