• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аскаров: Аймактарды өнүктүрүү максатында бизнес менен кызматташууга даярбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишмердүүлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ишкерлик менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Талас облусуна жумуш сапар менен барган учурда билдирди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусунун Бакай-Ата районундагы төө буурчакты тазалоо жана консервалоо боюнча иштеген өнөр жай комплексинин ачылыш аземине катышты.

Комплекстин аймагында төө буурчакты тазалай турган эки цех курулган. Анда 30га жакын жумушчу орду бар. Тазаланган продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо пландалууда. Жылдын аягына чейин жашылча-жемиштерди сактоочу, ал эми кийинки жылы консервалоо жана таңгактоо боюнча цех куруу пландалууда. Ишкерлер мамлекеттен алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга жардам берүүнү өтүндү.

«Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу аймактарды өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2 млрд сом бөлүнүүдө. Бул каражат аймактардын кластердик курулушун өнүктүрүүнү шарттаган ишкерликти колдоого багытталат. Сынак комиссиясы келип түшкөн долбоорлорду тандоо менен алектенүүдө. Бизге долбоорлор келечекте өз ээлерине киреше киргизүү гана эмес, бүтүндөй аймактын өнүгүүсүнө таасир этүүсү дагы маанилүү. Жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу тууралуу сөз болууда. Эгер ушул айтылгандар сиздерде болсо, анда биз өз ара кызматташууга даярбыз. Сиздер долбоорлорду даярдап жана аны комиссиянын кароосуна жөнөтүшүңүздөр керек», - деди.

Андан кийин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас районунун Кууганды айылындагы бетон заводунун ачылышына катышты.

67 млн сомго бааланган заводдун курулуш иши былтыр башталган. Заводдо 40 киши иштейт, майдаланган таш, кум жана шагыл чыгарылат. Мындан ары бетон мамылары менен лотокторду чыгарууга даяр. Бул үчүн кошумча инвестиция керек.

«Биз силерге жардам берүүгө даярбыз. Бизнес-долбоорду кароого жиберүү керек жана коюлган талаптарга туура келсе, бизнести өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт. Сиздерге бизнес-долбоорду түзүүгө облустар менен райондордун борборлорунда иштеп жаткан адистер жардам берет. Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом натыйжалуу колдонулушу керек экенин белгилегим келет. Бул коммерциялык программа эмес, ал бизде иштеп жаткан башка каржы программаларынан айырмаланып турат. Долбоорлорду тандоодогу негизги критерий – бул жергиликтүү эл үчүн пайдалуу болушу жана аймактын кластердик багытын өнүктүрүү», - деп белгиледи вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий