• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Премьер-министр Абылгазиев Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0


Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандемиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолду бүткөрүү үчүн бизде каражат бар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жолчуларга.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек - Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн: жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 км төмөнкү катмар төшөлдү, алардын ар биринин калыңдыгы 9 см. Курулуш иштерине 31,6 млн АКШ доллары жумшалды. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан 45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45% аткарылды.

Бишкек - Кара-Балта тилкеси «Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3 (Бишкек – Ош унаа жолу 4-фаза)» долбоорунун алкагында кайра курулууда.

Пикир

Оставить комментарий