• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Азамат Жаманкулов "Ома жана Ема Twins" бий тобунун мүчөлөрү менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 2022-жылдын 24-25-июнунда Бишкек шаарында өткөн "Fusion Concept Kyrgyzstan" бий чемпионатында жеңүүчү болгон "Ома жана Ема Twins" бий тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бул убакка чейин Маданият министрлиги аталган бий тобунун Францияда өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка баруусуна көмөк көрсөтүүнү убада кылган. Жаманкулов аталган топтун мүчөлөрү менен чемпионатка баруу жана башка уюштуруу маселесин талкуулады.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында бийчи Жан Воинов менен бирге Кыргызстанда заманбап бийди өнүктүрүү жана колдоо, аймактарда бул бийди өнүктүрүү үчүн атайын мастер-класстарды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий