• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде аскер кызматкери өзүн-өзү атып алган. Териштирүү башталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. 2021-жылы 4-июнда Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери 2003-жылы туулган М.Д. ок атуучу курал колдонуп, өзүн-өзү атып, каза болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аскер кызматкери 2021-жылы жазында аскер кызматына чакырылган.

Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө максатында Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий