• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде чегирткелер дыйкандарды түйшүккө салды

Аймак 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Лейлек, Баткен районунун Суу-Башы, Кара- Булак, Кадамжай районунун Үч-Коргон, Ак-Турпак айыл өкмөттөрүндө Марокко чегирткеси эгин талааларын каптап, дыйкандарды түйшүккө салды. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Баткен аймактык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Мунар Дөбүтовдун маалыматында, быйыл чегирткелер жылдагыдан көп.

Учурда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу максатында Баткен аймактык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын талааларды дарылоочу унааларга орнотулган микронер жабдуусунун жардамы менен дарылоо иштерин жүргүзүүдө. Дарылоо иштерине мамлекеттен жетиштүү каражат бөлүнүп, дыйкандарды колдоо үчүн дарылоо акысыз жүргүзүлүүдө.

Адистер зыянкеч чегирткелерге каршы иштер жүргүзүлгөн аймактардагы жайыттарга мал жандыктарды 1 айлык мөөнөткө чейин жайбоону сунушташат .

Марокко чегирткеси негизинен өзүнүн жумурткасын тоолуу аймактардагы жамгыр, суу тийбеген катуу жерлерге коюп, дал ошол жерден өнүп өсөт.

Пикир

Оставить комментарий