• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Билим берүү министри Чүй районундагы мектептердин абалы менен таанышты. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Чүй облусунун Чүй районунун эки мектебине барып, алардын учурдагы абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, ал авариялык абалдагы Т.Онолбаев атындагы мектепке барып, анын учурдагы абалы менен таанышкан. Аталган мектепте жалпы 150 окуучу эки имаратта окуп келишкен. Бирок, мектептин 1929-жылы курулган негизги имараты авариялык абалда болгондугуна байланыштуу, учурда окуучулардын жарымы айылдын медициналык пунктунда (ФАП) даярдалган класстарда окушууда.

Министр эл аралык фонддордун жардамы аркылуу жаңы имарат куруу маселеси караларын белгилеп, бул боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Андан соң Исаков учурда курулушу жүрүп жаткан С. Сыдыгалиев атындагы мектептин имаратына барган. Бул мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, ал ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилгени турат.

"Билим берүү жана илим министри өлкөнүн бардык аймактарындагы көйгөйлүү мектептерден кабар алууда. Эске салсак буга чейин Талас жана Нарын облусунун бир канча авариялык мектептери менен таанышкан", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий