• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

"Бишкек-Ош" унаа жолунда "Мерседес-Спринтер" жол кырсыгына учурап, 10 адам жаракат алды

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. "Бишкек-Ош" унаа жолунда "Мерседес-Спринтер" жол кырсыгына учурап, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, "Бишкек-Ош" унаа жолунун 617-чакырымында (Жаңы-Арык айылы) "Мерседес-Спринтер" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай DAF оор жүк ташуучу унааны артынан сүзүп алган. Кырсыктын айынан 10 адам жеңил жаракат алган (аты-жөндөрү такталууда).

"Куткаруучулар окуя жерине барганга чейин тез жардам жана жолдо бара жаткан унаалардын жардамы менен жабыркаган адамдар ооруканага жеткирилген. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий