• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкек ЖЭБдеги авариянын анын реконструкциясына тиешеси жок – экс-премьер-министр

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек ЖЭБдеги авария жылуулук электр станциясынын реконструкциясына тиешеси жок. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдеги кырдаал боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында мурдагы премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Ал реконструкция үчүн насыя боюнча келишимди түзүүдө өкмөт мүчөсү болуп турганын айтты.

“Мында ЖЭБдеги кырдаалды экиге бөлүп кароого кажет. Биринчиси реконструкция зарыл болгон. Экинчиси бул сапат маселеси. Курулган эки агрегат керек. Экологиялык нормаларга жооп берет жана жергиликтүү көмүрдү колдонууну шарттайт. Ал эми ЖЭБдеги авария таптакыр башка маселе. Бул кырдаал кышкы жылуулук мезгилине тиешелүү”, - деди Сариев.

КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев реконструкция боюнча келишим чарбалык субъекттер ортосунда түзүлгөнүн белгиледи.

“Ал эми насыялык келишим КР өкмөтү менен “Эксимбанк” ортосунда түзүлгөн. Андан соң насыялык келишим ратификацияланган, ага жооптуу мамлекет болуп саналат”, -деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий