• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте 19 жаштагы Малика Мадумарова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 19 жаштагы Мадумарова Малика Алмазбековна изделүүдө.

ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-мартта Д.А. аттуу шаардын тургуну арызы менен кайрылып, жээни 2003-жылы туулган Малика Мадумарованы издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал 4-мартта Аламедин-1 кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес, учурда анын жүргөн жери белгисиз.

Аталган факт Бишкек шардык Свердлов райондук милициясында каттоого алынган.

Белгилери: бою болжол менен 180-185 см, арык чырай, чачы кыска, көзү күрөң.

Кийими: Көк түстөгү узун куртка, кара шым, кара кофта, кара өтүк.

"Урматтуу жарандар! Эгер сиздер Мадумарова Малика Алмазбековнанын жүргөн жерин аныктоочу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер төмөнкү номерлерге билдирп коюшуңуздарды өтүнөбүз: 0 552 102-743, 0 702 49-88-88 и 102",- деп айтылат маалыматта.

Учурда дайынсыз жоголгон Мадумаров Малика Алмазбековнанын дарегин тактоо максатында активдүү издөө-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий