• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте базарлардын биринен адамды тоноого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бишкекте базарлардын биринен адамды тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери укукка каршы аракеттерди жасаган шектүүнү кармашты.

2021-жылдын август айында Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунун тоноп кетишкен. Бишкек шаарынын базарларынын биринен жабырлануучунун жанына бир белгисиз жаран келип, коркутуу жолу менен 6 миң сом акча каражатын, өздүк буюмдарын, анын ичинде документтерин тартып алган.

Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттер боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал мурда тоноочу менен тааныш болбогонун жана эч кандай байланышы жоктугун билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө тоноого шектүү катары Талас облусунун 26 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалды. М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий