• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте фонтандардын сезону жабылды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Бишкектеги фонтандардын сезону жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэриянын балансында 16 фонтан комплекси бар.

Учурда фонтанды токтотуу иштери "Күн балыктары", "Аска-Таш", мэрия, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы фонтан комплекстеринде жүргүзүлүүдө.

Фонтандардын ишинин сезонун жабуу иштери октябрдын аягына чейин жүргүзүлөт. Ноябрдан баштап жана кыш мезгилинде насостордун, электр кыймылдаткычтарынын, суу түтүктөрүнүн оңдоо иштери жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий