• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Бишкекте кыргыз-кытай элдеринин достугуна арналган маданий иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 07.09.23. /Айпери Кожоева – Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Борбой Азия жана Кытай элдеринин көп кылымдык достугуна арналган маданий иш-чара өттү.

“Шаньдун провинциясынын меймандостугу, Жибек жолундагы көп кылымдык достук” аттуу маданий иш-чаранын алкагында фото-көргөзмө жана концерт болду.

Иш-чарада КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Шаньдун провинциясынын катчысы Линь У, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ж.б. коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эдил Байсалов Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерге токтолуп, өз ара алакалар азыркы учурда эң жогорку деңгээлде экенин айтты.

Ал эми Шаньдун провинциясынын катчысы өз сөзүндө Шаньдун Борбордук Азия жана Кыргыз Республикасы менен болгон достук мамилесин жогорку деңгээлде баалап жана жалпы өнүгүшүнө салым кошорун айтты.

Атайын даярдалган маданий иш-чара Шаньдун элдик музыкасы, акробатикалык оюн-зоок, кытай операсы, ошондой эле кыргыз бийи жана музыкасы менен менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий