• 86.8
  • 91.52
  • 0.78

Бишкекте Кыргызстан жана Беларустун өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстан жана Беларустун Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Алгач Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын тар курамдагы жолугушуусу болуп, анын күн тартибине кирген кыргыз-беларусь мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.


Андан соң комиссиянын отуруму кеңейтилген курамда уланды.

Эки мамлекеттин Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагалары бул биргелешкен комиссия — эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн алдыга жылдыруунун жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүү механизми экенине токтолушуп, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Маалым болгондой, маселен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын 9 айында 68 млн долларды түзгөн. Тараптар жакынкы 3 жылда товар жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 500 млн долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда иш алып барууну күчөтүүнү макулдашты.

Тараптар ошондой эле, Минск менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча позициялардын дал келээрин белгилешти. Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн жылдын аягында Кыргызстанга Беларустан 5000ге жакын жаран келсе, быйылкы жылдын 8 айында бул көрсөткүч 4000 адамдан ашкан.

Мындан тышкары өнөр жай кооперациясы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыты болуп саналаары айтылды. Маселен, “Кыргыз унаа курулуш” жана “Могилевлифтмаш” ишканаларынын лифт жабдууларын биргелешип чыгаруусу ийгиликтүү жолго коюлганы, “Автомаш-Радиатор” компаниясы 2008-жылдан бери Беларуска автомобиль жана трактор радиаторлорун жеткирүүсү, Каракол шаарында беларусиялык “Сифания Экотехника” ишканасы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте иштеп жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү заводу сыяктуу бир катар аткарылып жаткан иштер тизмектелди. Мына ушундай өндүрүштүк кооперацияны жогорулатуу максатында буга чейинки комиссиянын отурумунда өнөр жай боюнча Жумушчу топту түзүү жетишилгени айтылып, эми бул багыттагы ишти активдештирүү макулдашылды.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларустун Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак ошондой эле, эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары катары айыл чарбасы жана агро өнөр жай сектору болуп саналаарын кошумчалашты. Мындан тышкары, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү диалог тереңдеп бара жатканын айтышып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну жаңы жогорку сапаттык деңгээлге чыгарууда биргелешкен күч-аракет талап кылынаары белгиленди.

Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагаларынын сөзүнөн кийин буга чейинки отурумдун протоколунун ишке ашырылышы, өнөр жай кызматташуусун жогорулатуу, айыл чарба, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, транспорт, байланыш, логистика, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактары боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамалары угулду. 



Отурумдун соңунда, кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын протоколуна, “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы (Кыргызстан) менен “Гомсельмаш” ААКсынын (Беларусь) ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү меморандумуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий