• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Новиков Баткендин чектеш айылдарынын эвакуацияланган тургундарынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Баткен облусунун чектеш айылдарынын жвакуацияланган тургундарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Артем Новиковго маалымдалгандай, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7093 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6079 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.

Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өткөргөн ыкчам кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.

Учурда биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунда жүрөт жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.

Пикир

Оставить комментарий