• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзал ачылды — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын ачылыш аземи өттү.

“Жаштык” дирекциясынын аянтында курулган спортзалдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Спортзалдын аянты 1875,2 чарчы метрди түзүп, анда күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар камтылган. Долбоордун сметалык баасы 98 млн 677,22 миң сом, тендердик баасы 81 млн 573,98 миң сомду түздү.

Эскерте кетсек, аталган залдын курулушу үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде башталган.

Пикир

Оставить комментарий