• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте маршруттук унааларга карата рейд жүрүп, 29 укук бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бишкекте маршруттук унааларга карата рейд жүрүп, 29 укук бузуу аныкталганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы, транспорт инспекциясы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторду текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин алкагында жол эрежесин бузган, техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген унаалардын айдооочулары аныкталып, алардын баарына тийиштүү протоколдор толтуруу менен жалпысынан 36 миң 500 сом айып салынды. Жалпы 29 укук бузуу аныкталды.

Мындай профилактикалык иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында мындан ары да кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан улантылат.

Пикир

Оставить комментарий