• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар жаңы окуу жылына даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору бар.

Мэриядан белгилешкендей, учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

15 объектиде жылуулук тутумун оңдоо иштери жүрүп жатат, 9 объектинин чатыры алмаштырылууда. Балдардын чыгармачылык борборунда тышкы электр кабели алмаштырылып, 5 объектиде электр монтаждоо иштери, 12 объектиде жалпы оңдоо курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий