• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте ышкыбоздор арасында шахмат боюнча кайрымдуулук мелдеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Help The Children-SKD кайрымдуулук фонду Кыргызстандын шахмат федерациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин колдоосу менен шахмат турнирин өткөрөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, "Игра во имя жизни" аталышындагы мелдеш 13-мартта өтөт.

Эл аралык рейтинги 2000 ЭЛО (стандарт, рапид жана блиц) жогору эмес, 18 жаштан жогорку бардык кызыккан шахматчылар чакырылат жана катышууга уруксат берилет.

Төмөнкүлөр ышкыбоздор турнирине киргизилбейт:

- спорттун чебери жана андан жогорку наамы бар шахматчылар;

- 2017-2022-жылдары эркектер жана аялдар арасындагы Кыргызстандын чемпионаттарынын Биринчи лигаларынын жеңүүчүлөрү;

- 2017-2022-жылдары эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаттарынын Жогорку лигаларынын катышуучулары.

Белгилей кетсек, турнирге каттоо 12-март саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Баасы 500 сом жана андан жогору.

“Турнир кайрымдуулук болуп саналат. Салыктан түшкөн каражаттын баары рак менен ооруган балдарга жумшалат. Иш-чара балдар онкологиясы маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин колдоосу менен өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө Help The Children-SKD кайрымдуулук фондунан медаль тапшырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий