• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 10-февралда Аламүдүн районундук милициясына Ленин айыл өкмөтүнөн материал келип түшкөн. Анда фундамент куюлган мыйзамсыз курулуштар аныкталганы, бул объекттер КР мыйзамдарын бузуу менен курулуп жатканы айтылган.

Аталган маалымат каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1995-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий