• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги таштанды полигонундагы түтүн 95%га жоюлду

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бишкектеги таштанды полигонундагы түтүн 95%га жоюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, полигондогу кырдаалга баа берүү боюнча көчмө жыйындын алкагында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев жана чехиялык эксперттер – HDT Impex s.r.o жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун өкүлдөрү таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин чечүү жолдорун жеринде карады.

"СССР доорунан бери таштандылар полигонго ташылып келет. Ошондон баштап ал күйүп, абаны ууландырууда. Эми ички газдарды локализациялоо үчүн террассалоо ыкмасы менен акыркы жыйынтыкка жеткенге чейин иштер улантылат. Бүгүнкү күндө түтүн 95% га жоюлду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын, ошондой эле Бишкек мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн пайда болушуна өбөлгө түзгөн таштанды полигонундагы түтүнгө каршы күрөш активдүү жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Бишкек мэриясы чехиялык HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялардын консорциуму менен таштандыларды кайра иштетүү комплексин куруу боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына жана кызматташуу ниети тууралуу протоколго кол койгон.

Кол коюлган документтин алкагында борбор калаанын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары Чехия компанияларынын консорциумуна долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу процессине ар тараптуу жардам көрсөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий