• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Былтыр Кыргызстанда 15 миңден ашуун үй-бүлө шарияттык никеге турган

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. 2020-жылы республика боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 15 миң 119 үй-бүлөнүн никеси катталган.

Муфтияттан билдиришкендей, нике каттоо журналы төмөнкү максатты көздөйт:

• Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;

• Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашууларды алдын алуу;

• Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү;

• Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо;

• Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.

Нике каттоо журналына каттоодо имамдар никеге туруп жаткан жубайлардын өздүгүн тактоочу паспортторун талап кылат жана мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу жөрөлгөсүн жүргүзөт.

Эскерте кетсек, нике каттоо журналы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 21-ноябрындагы буйругунун негизинде иштелип чыгып, 2019-жылдын 12-июнунда ишке берилген. Шарияттык нике каттоо журналы бир гана дин башкармалыгынын түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлерине атайын окутуудан өткөндөн кийин гана тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий