• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүй облусунда улуттук кыргыз күрөшү боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Чүй облусунда алгачкы ирет улуттук кыргыз күрөшү боюнча эркектер арасында “Губернатордун Кубогу” турнири өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бүгүнкү иш-чара Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган. Мелдештердин максаты – Чүй облусунун өспүрүмдөрүнүн жана чоңдорунун арасында кыргыз күрөшүн жайылтуу болуп саналат.

Анын катышуучулары 8 райондун жана Токмок шаарынын 54 өкүлү болушту. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, медалдар жана губернатордун Кубогу менен сыйланышты.

КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлү Б.Кудайбергенов жаштарды спорт менен алектенүүгө, бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө чоң көңүл бурууга чакырып, акимдерге командаларын колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Ысык-Ата району 1-орунду, Чүй району 2-орунду, Токмок шаары 3-орунду ээлешти.

Пикир

Оставить комментарий