• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүй районунда тоноого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/ Чүй районунда тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-майда Чүй районунун 1985-жылы туулган А.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, Чүй айылындагы кароосуз калган үйлөрдүн биринде физикалык күч колдонуу менен жанындагы 15 миң сом акчасын, 20 миң сомдук уюлдук телефонун жана тиешелүү документтери менен банк картасын тартып алган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган М.У. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалып, Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу дагы бир кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий