• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

«Чакан ГЭС» ААКсы «Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн каржы алат

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн Кыргыз- орус өнүктүрүү фондунан 22, 9 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган, - деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Белгилесек, «Бала-Саруу» ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат.

Белгилесек, Кыргызстанда узак убакытан бери алгач ирет мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтерди куруу башталды десек болот. Ири гидроэнергетикалык объектилер менен катар чакан гидроэнергетиканы бирдей өнүктүрүү республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана кургакчыл мезгилде кошумча электр энергиясын өндүрүү менен генерациянын негизги булагы болгон Токтогул ГЭСине көмөкчү болуп берет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий