• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы 5 окуучуга президенттин белеги тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ош шаарындагы 5 окуучуга президенттин белеги тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, Ош шаарындагы мектептерде билим алган 5 окуучу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атына жаңы жылдык белек сурап кат жазган. Алардын үчөө смартфон алууну кааласа, эки окуучу энциклопедия берүүсүн сураган. Президент өспүрүмдөрдүн каалоосун орундатып, белегин жөнөттү.

Күн мурун, 27-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов окуучулар менен жолугуп, президенттин белегин тапшырды. Ажонун атынан келген белектер менен бирге таттуулар да берилди. Шаар башчысы алардын келечекке болгон максаттарын угуп, окууларына ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий